На фотографии запечатлена кыргызка в национальном костюме. Снимок датируется 1928 годом, то есть сделан 96 лет назад. Фото Российского государственного архива кинофотодокументов.
Другие записи сообщества
Пресс-служба посольства Франции в Кыргызстане опубликовала фотографию, на которой запечатлена первая встреча в Оше участников французской научной экспедиции (Луи Вайяна, Густава Маннергейма и Поля Пеллио) и двух сыновей Курманджан Датки - Асанбека и Мамытбека. Фотография датируется 1906 годом и была сделана в середине лета.
Көкүмбай Чыны уулу (19-кылымдын 2-жарымы Жумгал өрөөнүндө туулган–1934/35 жылы Бишкекте каза болгон) – Кыргыздардын Үркүндө аскер башчысы, Жумгал өрөөнүндө эл башкарган манап. Чоң аталары Медет датка, Дуулат, атасы Чыны –чоң манаптардан болушкан. Көкүмбай кыргыз эли орус мамлекетине карагандан кийинки мезгилдерде бир нече жолу болуш болуп шайланган. 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө Жумгалдын чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп, хан көтөрүлгөн. Орус жазалоочу аскеринен качып, Кытайга барган, 1918-ж. кайтып келген. 1920-жылдардын акырында Совет өкмөтү бай-манаптын өкүлү катары камап, Бишкекте каза болгон. Орус падышачылыгына каршычылыгы 22 август 1916 жылы Канат ханга 700 киши менен Көкүмбай Чыны уулу кошулуп. 25–26-августта алар Нарындан келе жаткан орус отрядын тосуп, Жоон-Арык, Боз-Бекет жана Кочкордо салгылашкан. Куралы начардыгынан жеңилүүгө учураган көтөрүшчүлөр 5 күндөн кийин Тармал-Сазга чегинген. Ушул учурда Жумгал тараптан келген орус отряды аларды курчоого алып, көтөрүлүшчүлөр аёосуз кырылган. От себя отмечу - потомки этого рода прошли и раскулачивания и гибли на фронтах ВОВ. Это были достойные сыны кыргызкого народа!
Шакир (Чекир деп аталып калган) Молдо- уулу Түгөл. — Болжол менен 1555-1640-жылдар аралыгында жашаган инсан. Түгөл өз заманында малы тетири айланган, эсеби жок, түндүгүнөн кут куюлган, атагы казакка чейин кеткен байгер адам болгон. Анын ысымы 1598-жылы кыргыз-казакка хан шайланган саруу уруусунан чыккан) Конок уулу Эр Эшимге жана ал минип калмактарды сүргөн “Шарпкула” деген атактуу тулапарга тыгыз байланыштуу. Түгөл бай Жумгалдын Чоң-Сай деген жерде жашаган экен. Анын сансыз жылкысы азыркы Таш-Дөбө айылынын жогору жагындагы капчыгайдан агып түшкөн агыны катуу чоң сууга агылып келишип, аны бойлой тизилип ичишкенде, ал күркүрөгөн суу кадимкидей солуй түшчү деген кеп эл оозунда ушул кезге чейин айтылып келатат. Мына, жылкынын саны канчалык көп болгонун ушундан билсеңиз эле болот. Шарпкуланын тулпарлыгын мындан билиңиз. Түгөл байдын сансыз жылкысын жылкычылар тандалган 12 айгыр менен шайы кеткенче араң чогултушчу экен. Ал эми Шарпкуланы минген жылкычы ошончо жылкыны жалгыз өзү, чай кайнам убакытка жетпей эле чогултуп койчу экен. Түгөл бай бала – бакырасы, туугандары менен жайнаган малга толук көзөмөлдөш кыйын болгон үчүнбү, айтор ага канатташ жашаган эл Түгөлдүн эсепсиз малын суроо-сопкуту жок эле четинен кармап жеп да, пайдалана да беришет. Түгөл бай аларга “койгула” деп да айтпайт. Канткен менен бул көрүнүшкө канчалык бай болсо да Түгөл сыртынан анчалык билгизбесе да, ичинен нааразы болгон окшобойбу. Түгөл бай болжол менен 1620-жылдары Жумгалдан сансыз малын айдап, алгач Суусамырга, андан соң, Талас, Олуя-Ата шаарына көчүп кетет. Ал жерден жогоруда айтылгандай Эр Эшим менен таанышып, сурашып олтуруп ага жезде болуп чыгат. Эр Эшимге Санчы сынчы кулун даакысы эмдигиче түшпөй турган бышты Шарпкуланын жайын айтып, “кокус ат мингизип калса, ушул жылкыны сура”-деп эсине бек салат. Түгөл бай аларды кучак жая тосуп алып, дасторконду кенен жайдырып, кысыр эмди тай сойдуруп, болушунча коноктойт. Өткөн –кеткенден сөз козголот. Ара –чолодо Санчы сынчы Түгөл байдын аялынан сынамакка: -Байбиче канча мал бар-деп сураганда, ал: -Канча мал бар экенин так билбеймин, жылына он эки каршы кап менен тикме чүлүк кылдырып, жылыга туулган торпоктордун мурдуна тактырсак, чүлүк жетпей калып, бир канча торпоктун мурду көзөлбөй калат. Жылына бир күндө кара кашкасынан эле үч жүз торпок биттелет. Жылкынын эсебин билбейм. -Байбиче дүйнөгө көзүң тойдубу? -Дүйнө курусун, көзүң тойбойт экен. Бир күнү байым бир тоодак атып келиптир. Аны мен алабаканга илип, чаткаягында майы сызгырылып жерге тамып жаткандан улам, жез чараны тосуп койсом, үч ирет толду. Ошого гана көзүм тойду. Анда Санчы сынчы: -Көзүң ач экен. Тукумуң токолдун балдарынын көзүн карайт. Ошондой эле аз айыл болоор э- деген экен. Түгөл байдын бул байбичесинин аты Кыздарбек болот. Сарамжалы тегиз, өз башы ырыскылуу, оймоктуудан уз болгондугу үчүн, Түгөл байга жарашып тургандыктан Санчы сынчы анын атын Жараш деп өзгөрткөн экен. Аттанып жатканда, Түгөл бай Эр Эшимге күлүк мингизет. Эр Эшим сынчынын сөзүн кылт эсине түшүрүп: -Жезде мага ат берсеңиз, тиги кула быштыны бериңиз, андан башканы албайм- дейт. Түгөл бай дагы өз малынын сырын билген, саяпекерлиги бар адам болгондуктан, кула быштыны бергиси келбейт. Аны байкаган Эшим: -Башын бербесеңиз, күчүн бериңиз, калмактарга казат кылат элем- деп айтканда, бай макул болот. Эр Эшим ошол Түгөл байдын Шарпкуласын 3 жыл байлап, анан кыргыз-казактан калыӊ кол куруп, калмактарга чабуул коюп, аларды иле боюнан наары сүрүп салган. Калмактардын дагы бир бөлүгү Волга дарыясынын жээгине сүрүлгөн. Эр Эшим кийин Шарпкуланы Түгөлдүн уулу Маңгытка Эр Эшимге берип жатып минтип айткан экен: -Бул тулпар Түгөл байда турганда кашаңынан Шарпкула болду эле. Мен сөөгүн тундуруп, үч жылы ээн коё берип, жилигин туюктап минсем, канат жасап учканга чейин ылдам болду. Ат ээсин тапканда арбактанып, тулпар экенин ашкере кылды. Мен бул тулпар менен Текестен чыгып, Олуя –Атага күнү барып, Өрүктүнүн талаасынан аскеримдин алдынан чыктым, аны менен катар душманымды жеңип, намысымды алдым. Тулпарды күчүн бер деп Түгөл байдан алдым эле, эми эби келсе, башын берсин. Азыр менин алып калганым адамкерчиликке жатпай калат-деп айтып, айтканда да бек айтып, тулпарга кошуп Маңгытка кан Турсундун Кызыл кыз деген (бир маалыматта карындашы деп да айтылат) жездесине арнап кошуп берет. Түгөл кийин Шарпкуланы Эр Эшимге биротоло берген. Бирок ал кызды Түгөл эмес, анын баласы Маӊгыт алган. Ошол Кызыл кыздан туулган балдар кийин энеси катаган уруусунан болупк алгандыгы үчүн гана “катаган саяктар” деп аталып жүрдү. Чынында Маӊгыттын тукумдары катагандарга жээн болуп эсептелет. Жумгалдагы Түгөл-Сай деген айыл дал ушул Түгөл байдын атынан аталып калган. Түгөлдүн урапактары бүгүнкү күндө Жумгалдын бир нече айылында жашашат.
Подготовка к скачкам в коневодстве Кыргызской ССР, 1939 год
«ТОЛТОЙ» – эпос. Кызылсуулук кыргыздарда эл арасында айтылып, баатырдык баян катары кеңири тараган чыгармалардан. Ал элдик мураска өтө берилген жа аны талыкпастан чогултуп келген Жусуп Мамайдын агасы Балбай тарабынан жазылып кагазга түшүрүлүгөн. Жазылган кол жазма «Маданий көңтөрүлүш» дүрбөлөңү учурда Балбай жазыксыз жерден түрмөгө алынганда көптөгөн элдик мурастар менен бирге «Толтой» эпосу да жоголуп кеткен. Бирок, бул кол жазманы өз учурунда окуган Жусуп Мамай жатка сактап калган экен. Ушундай феномендик таланттын натыйжасы элдик мурасты кайра элге берүүгө чоң жардам берген. Толтой жөнүндөгү баян «Манас» үчилтигинин экинчи бөлүмү «Семетей» эпосунда өзүнчө эпизод болуп, «Чынкожо, Толтой чатагы» деп аталат да, Толтойдун өмүрү, анын көрсөткөн баатырдык жүрүштөрү ж-дө толук айтылбайт. Ж. Мамайдын айтуусундагы «Толтой» эпосу «Толтойдун балалык чактары», «Толтойдун адашуусу» деген чоң төрт бөлүмдөн турат. Эскерилген төрт чоң бөлүм өз алдынча бир нечелеген эпизоддорго бөлүнүп, бир композициялык курулушту түзгөн баш каармандын өмүрүн жана баатырдык жүрүштөрүн баяндаган сюжеттик өзөккө ээ чыгарма. Толтой деле Манас, Семетей ж. б. баатырлар сыяктуу эле кыргыз элинин бейкутчулугун сактаган жана адилеттик үчүн күрөшкөн кыргыздан чыккан башка баатырлардай эле өзүнүн эрдиги менен даңкталган баатырлардан болуп сүрөттөлөт. Эпостун мазмуну дүйнөлүк эпостордо айтылып келген жана салт катары болуп калган баатырдын аттанып чыгып, өзүнө тең келе турган баатырлар менен кездешип беттешкени негизги сюжеттик мотивдерден болуп саналат. Толтой жөнүндөгү баян ушул мотив аркылуу ачылып, ал алгачкы жааган кар менен эч кимге айтпастан, жигиттерине туйгузбастан, тайганы менен бүркүтүн алып сонорго аттанып кетет. Бир нече күндөн кийин жер чалгындап жүргөн кызылбаш элинин ханы Контукчу баатыр келип кабылат. Эки баатырдын кездешүүсүндөгү окуяны андан ары өөрчүтүп, чыйралта баштайт. Улам барган сайын кырдаалдык карама-каршылыктар арбуунун натыйжасында окуянын чыйралуусу курчуйт. Ар бир баатыр өз жеринин жана элинин тынччылыгын сактоо үчүн кандай гана кырдаалдык шартта болбосун кам көрүшү кажет. Айрым баатырлар эл камын башка элдердин эсебинен олжо табуу менен байланыштырышкан. Ошондуктан Контукчу да, кийинки окуянын себепчиси болгон түркмөн элинин ханы Кырым хандын уулу Камангил да баскынчылык максатты көздөшөт. Алар өкүмдүк саясат жүргүзүп өздөрүн көтөрө сүйлөп баатырлыгын, кимди жеңгендигин ж. б. эрдиктери ж-дө мактануу менен жарыялап, экинчи тараптагы баатырды кемсинтип, кордоого алып, коркутуп, үркүткөн айбаттуу сөздөр айтышат. Эпостун биринчи бөлүгүндө баяндалган Толтойдун көрсөткөн эрдиктери экспозициялык милдетти аткарат. Толтойдун көрсөткөн эрдиги ушул эле эки баатыр менен чектелип калбайт. Кыргыздардын эли жерине көзүн арткан коңшу душмандардын баатырлары баш көтөрүп чыга баштайт. Буга себеп, кыргыздын эли жерин көздүн карегиндей сактап келген Манас баатырдын дүйнөдөн кайтышы болгон. Анын жолун жолдоп, эл менен жерин коргоп калуучу Семетейдин жаштыгынан пайдаланып Жакып балдары Абыке, Көбөштү тукуруп, Манастын ордосун талайт. Баланы аман сактап калууну көздөгөн Каныкей Семетей менен Чыйырдыны ала качып Темирканга кетет. Кароосуз калган эл душман үчүн чаап алууга оңой олжо болуп берет. Коргоп калар Манас жок, Семетей Букарда жүргөндөн пайдаланып, душман баатырлары кыргызга өктөмдүк менен келип, Жакыпты балдары Абыке, Көбөштү баш кылып, баш көтөртпөй басып, салык салып, өз бийлигин жүргүзө баштайт. Муну «Толтой» эпосунун кийинки бөлүмдөрүндө катышкан Коронкыр, Карезги, Керкимат жана бай Чакайдын жүргүзгөн иш-аракеттерине байланыштуу айтылган окуяларда толук болбосо да аталган баатырлардын сөздөрүндө эскерилип турат. Бул эскерүүлөрдө ар дайым Толтойго карата айтылып, күч көрсөтүү болуп саналат. Ошентип Манастан кийин кыргызды душманга бастыра койбос баатыр бар экендигин далилдеп Толтой чыгат. Бул жагдайды жомокчу мындайча баяндайт. «Өлгөн менен эр Манас. Баатыры бар кыргыздын, Элинин кунун издерге”. Бул жалгыз гана Толтойго таандыкталбастан эпосто эскерилип жаткан Семетей, о. эле Кошой баатырдын уулу Жалгызекке да карата айтылып жаткандыгы эпостун контекстинде ачык эле байкалат. Эпостун мазмунунда Семетей менен Жалгызектин жогоруда эскертилген баатырлар менен түздөн түз майданга чыгып көрсөткөн аракеттери айтылбаса да сөз арасында өзгөчө Т-дун атасы Багыштын сөзүндө баса айтылат. Ал эми Семетей ж-дө эпостун акыркы бөлүмдөрүндө Чынкожо менен Толтойго байланыштуу окуяда кенен баяндоого алынат. Жогоруда эскертилгендей Толтой өз баатырлыгынын алгачкы баскычын Контукчу менен Камангилге кездешип, жоокерлик сыноодон өтөт. Өз күчүнө ишенген жана эл, жери үчүн ар дайым кам көргөн, анын коопсуздугун ойлогон Толтой тынчып жата албай жер кыдырып, эл көрүп, сөз угуп, Кашкар ханы Карезгинин кыргызга жасаган кордугун угат. Бул жорукту уккан Толтой тынч калбастан элден жыйып алган дүнүйөнү куткарып калуу үчүн Ошко келип Карезгинин дайынын билет. Толтойдун акыл менен жүргүзгөн каармандык жүрүшү жана көрсөткөн баатырдыгы элдин идеалык көз карашын берип жатат. Анткени, ал эл-журтун сүйгөн баатыр адилеттик жана бейкутчулук үчүн жан дили менен берилип, жанын аябастан кармашып, бир гана жедигер элине аркасын тийгизбестен, жалпы кыргыз журтунун тынчтыгын коргоп калган баатыр уулдан экендигинин ачык далили болгон. Мунун өзү элдин башынан бери көкөй кести болуп келген оюнун чындыкка айланып, эркиндик үчүн кармаша турган идеалдын келиши менен тилеген тилектин иш жүзүнө ашырылышы болуп калган. «Толтой» дастанында чагылдырылган оштук кыргыздар ж-дө айтылган баян жаңылык катары кабыл алынып, Толтой баатырдын дагы бир баатырдык жүрүшүндөгү жүргүзгөн күрөшүнүн жаңы барагын ачып жатат. Эпосто кыргыздарга чектеш жашаган коңшу элдердин кызыл баш, түркмөн, калмак, чүрчүт, шибе ж. б. баатырлары менен болгон Толтойдун баатырдык күрөшү баянга алынат. «Толтой» эпосунун сюжеттик окуялары биздеги көпчүлүк эпикалык чыгармалардан ушул жагы менен айырмаланып турат. «Толтой” эпосу «Манас” эпосуна дагы бир толуктоо болуу менен кыргыз элинин кызыгып окуй турган эпикалык чыгармасына айланары талашсыз.
Күмбөз в Бакай-Ате, построенный в 1915 году. Построен для манапа из рода чаян. Сохранность вызвана удаленностью от крупного населенного пункта и надежной архитектурой памятника.
ЖЕДИГЕР уруусу орто кылымдардагы жазма булактарда маалымдалат. Элдик санжырада Койлондон Жедигер уруусу чыгары баяндалат. 16-кылымдагы Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат-Таварихинде» Жедигерлер Тагай баатырдын Кулан (Койлон) аттуу уулунан тарайт деген санжыралык маалымат бар. Жедигерлер "Манас" дастанынын дээрлик бардык варианттарында кыргыз урууларынын бири катары кездешип, Жедигер уруусунун башында Багыш деген белгилүү жетекчи турганы айтылат. Андан бөлөк кыргыз санжыраларында Жедигер аттуу Астрахан ханы жөнүндө да баян айтылган. 1549-ж. Казан шаары Едигенин тукуму Жедигер тарабынан басылып алынганы маалым. Этностук аталышы казактарда – жедигер, лакайларда – жадыгер формаларында кездешет. Айрым маалыматтар Жедигердин орто кылымдардагы печенег, кыпчак тилдүү этностук чөйрө менен байланышы болгонун маалымдайт. Мисалы, кооз (жедигер) – кууз, гууз, окуз, уз. Мындан бөлөк этнонимди байыркы игдер уруусунун аталышы менен тең катар кароого болот. Болжолу, Жедигер этнониминин баштапкы формасы жети игдер же жети бөлүктөн турган уруулардын бирикмеси, союзу дегенди түшүндүрүшү ыктымал. Игдер (игдир) этнониминин удаалаштары азербайжандардын, Түркия түрктөрүнүн, Ирандагы түрк (огуз) тилдүү этностордун курамында да кездешет.
Моңголдорго каршы Кыргыз көтөрүлүшү — 1218 жылда, Моңгол империясынын Энесай өрөөнүнө жакын токой эли — Туматтар моңгол падышачылыгына каршы чыгып, Моңгол бийлиги көтөрүлүштү басканга кыргыздарга буйрук берип, бирок кыргыздар аларды баспай, өзүлөрү Курлундун башкаруучулугунда Моңгол империясына каршы көторүлүшөт.Туматтардын көтөрүлүшү (1217-1217) Кем-Кемжиуттагы кыргыздардын коңшусу болгон туматтар (байыркы «туба» аттуу түрк уруусунун урпактары, азыркы тувалыктардын бабаларынын бири) 1217-ж. моңголдорго каршы алгачкы ирет көтөрү-лүшкө чыгышкан. Булактар аларды «өзгөчө согушчан уруу» катары сыпаттайт. Тумат аскерлери ал түгүл өздөрүнө каршы Чыңгыз хан жиберген колбашчы Борагул-нойонду да жеңип, өлтүрүп коюшкан. Бирок бул көтөрүлүш басылып, бир топ тумат уруктары кырылган. Чыгыш Тувада (Баргужин-Токум деген жерде) байыр алган туматтардын бир бөлүгү барс жылы (1218-ж.) кайра баш көтөргөндө, Рашид ад-Дин жазгандай, моңголдор аларга жакын турган кыргыздарга бул козголоңду басуу сунушу менен кайрылган. Кыргыздар аскер бермек тургай өздөрү да моңголдорго каршы көтөрүлүшкө кошулуп кеткен. Саян-Алтайдагы түрктөрдүн бул ири көтөрүлүшүн басуу үчүн Чыңгыз хан бардык токой урууларын бийлеген улуу баласы Жучунун кол башчылыгында кошуун жөнөткөн. Оболу Буха-нойон баштаган алдыңкы кошуун Енисейдин Тувадагы башатына чейин кыргыздарды жиреп барып кайткан. Андан соң Жучу өзү кышка маал тоңо баштаган Селенга дарыясына келди. Хамдуллах Казвини (13-к.) Селенга дарыясында кыргыздардын бир бөлүгү жашарын эскергени маалым. Жучунун аскерлери Селенганы ээлеп, андан соң Енисей (Кем) дарыясынын өрөөнүнө жеткен. «Шэн-у цинь чжен лу» аттуу кытай булагында: «Ал (Жучу) Кем дарыясы аркылуу өттү жана аны бойлоп жүрүп отурду. Кыргыз ханханас (хапканас), телейану (теленгут), кэшидими (кыштым), хоин (хор), ирган деген урууларды каратып алды», – деп жазылат. Рашид ад-Дин да кыргыздар менен кошо кайрадан каратылган уруулардын ичинде теленгут, кыштым, урасут урууларын жана кыргыздардын «арка тарабындагы бир айлык жол узактыгындагы» башка урууларды эскерет. Курыкан өлкөсү да моңгол жортуулуна чейин кыргыздарга вассалдык абалда болгону маалым.
Скачки на жайлоо в 1959 году. Чуйская долина.
На снимке запечатлена чайхана в Доме дехканина. Фотография датируется 1928 годом, то есть сделана 95 лет назад. Как говорится в открытых источниках, Дом дехканина существовал с 1925 по 1956 годы. Основное назначение — осуществление задач культурного шефства города над деревней. В Д. д. имелись общежитие для крестьян, столовая, библиотека-читальня и зал, предназначенный для проведения лекций, докладов, вечеров, демонстрации кинофильмов. Находился по ул. Иваницына, 107. С 1956 года в здании находится гостиница «Ак-Сай» — филиал гостиницы «Кыргызстан».