На снимке запечатлена чайхана в Доме дехканина. Фотография датируется 1928 годом, то есть сделана 95 лет назад. Как говорится в открытых источниках, Дом дехканина существовал с 1925 по 1956 годы. Основное назначение — осуществление задач культурного шефства города над деревней. В Д. д. имелись общежитие для крестьян, столовая, библиотека-читальня и зал, предназначенный для проведения лекций, докладов, вечеров, демонстрации кинофильмов. Находился по ул. Иваницына, 107. С 1956 года в здании находится гостиница «Ак-Сай» — филиал гостиницы «Кыргызстан».
Другие записи сообщества
На фотографии запечатлена кыргызка в национальном костюме. Снимок датируется 1928 годом, то есть сделан 96 лет назад. Фото Российского государственного архива кинофотодокументов.
Күмбөз в Бакай-Ате, построенный в 1915 году. Построен для манапа из рода чаян. Сохранность вызвана удаленностью от крупного населенного пункта и надежной архитектурой памятника.
ЖЕДИГЕР уруусу орто кылымдардагы жазма булактарда маалымдалат. Элдик санжырада Койлондон Жедигер уруусу чыгары баяндалат. 16-кылымдагы Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат-Таварихинде» Жедигерлер Тагай баатырдын Кулан (Койлон) аттуу уулунан тарайт деген санжыралык маалымат бар. Жедигерлер "Манас" дастанынын дээрлик бардык варианттарында кыргыз урууларынын бири катары кездешип, Жедигер уруусунун башында Багыш деген белгилүү жетекчи турганы айтылат. Андан бөлөк кыргыз санжыраларында Жедигер аттуу Астрахан ханы жөнүндө да баян айтылган. 1549-ж. Казан шаары Едигенин тукуму Жедигер тарабынан басылып алынганы маалым. Этностук аталышы казактарда – жедигер, лакайларда – жадыгер формаларында кездешет. Айрым маалыматтар Жедигердин орто кылымдардагы печенег, кыпчак тилдүү этностук чөйрө менен байланышы болгонун маалымдайт. Мисалы, кооз (жедигер) – кууз, гууз, окуз, уз. Мындан бөлөк этнонимди байыркы игдер уруусунун аталышы менен тең катар кароого болот. Болжолу, Жедигер этнониминин баштапкы формасы жети игдер же жети бөлүктөн турган уруулардын бирикмеси, союзу дегенди түшүндүрүшү ыктымал. Игдер (игдир) этнониминин удаалаштары азербайжандардын, Түркия түрктөрүнүн, Ирандагы түрк (огуз) тилдүү этностордун курамында да кездешет.
Моңголдорго каршы Кыргыз көтөрүлүшү — 1218 жылда, Моңгол империясынын Энесай өрөөнүнө жакын токой эли — Туматтар моңгол падышачылыгына каршы чыгып, Моңгол бийлиги көтөрүлүштү басканга кыргыздарга буйрук берип, бирок кыргыздар аларды баспай, өзүлөрү Курлундун башкаруучулугунда Моңгол империясына каршы көторүлүшөт.Туматтардын көтөрүлүшү (1217-1217) Кем-Кемжиуттагы кыргыздардын коңшусу болгон туматтар (байыркы «туба» аттуу түрк уруусунун урпактары, азыркы тувалыктардын бабаларынын бири) 1217-ж. моңголдорго каршы алгачкы ирет көтөрү-лүшкө чыгышкан. Булактар аларды «өзгөчө согушчан уруу» катары сыпаттайт. Тумат аскерлери ал түгүл өздөрүнө каршы Чыңгыз хан жиберген колбашчы Борагул-нойонду да жеңип, өлтүрүп коюшкан. Бирок бул көтөрүлүш басылып, бир топ тумат уруктары кырылган. Чыгыш Тувада (Баргужин-Токум деген жерде) байыр алган туматтардын бир бөлүгү барс жылы (1218-ж.) кайра баш көтөргөндө, Рашид ад-Дин жазгандай, моңголдор аларга жакын турган кыргыздарга бул козголоңду басуу сунушу менен кайрылган. Кыргыздар аскер бермек тургай өздөрү да моңголдорго каршы көтөрүлүшкө кошулуп кеткен. Саян-Алтайдагы түрктөрдүн бул ири көтөрүлүшүн басуу үчүн Чыңгыз хан бардык токой урууларын бийлеген улуу баласы Жучунун кол башчылыгында кошуун жөнөткөн. Оболу Буха-нойон баштаган алдыңкы кошуун Енисейдин Тувадагы башатына чейин кыргыздарды жиреп барып кайткан. Андан соң Жучу өзү кышка маал тоңо баштаган Селенга дарыясына келди. Хамдуллах Казвини (13-к.) Селенга дарыясында кыргыздардын бир бөлүгү жашарын эскергени маалым. Жучунун аскерлери Селенганы ээлеп, андан соң Енисей (Кем) дарыясынын өрөөнүнө жеткен. «Шэн-у цинь чжен лу» аттуу кытай булагында: «Ал (Жучу) Кем дарыясы аркылуу өттү жана аны бойлоп жүрүп отурду. Кыргыз ханханас (хапканас), телейану (теленгут), кэшидими (кыштым), хоин (хор), ирган деген урууларды каратып алды», – деп жазылат. Рашид ад-Дин да кыргыздар менен кошо кайрадан каратылган уруулардын ичинде теленгут, кыштым, урасут урууларын жана кыргыздардын «арка тарабындагы бир айлык жол узактыгындагы» башка урууларды эскерет. Курыкан өлкөсү да моңгол жортуулуна чейин кыргыздарга вассалдык абалда болгону маалым.
Скачки на жайлоо в 1959 году. Чуйская долина.
Архивная служба при Министерстве цифрового развития поделилась фотографией из фондов Центрального государственного архива кинофотофонодокументов КР. На фотографии запечатлена женщина во время перевозки детей в специально приспособленных люльках на лошадях. Фотография датируется 1931 годом, то есть 92 года назад.
Муса Баетов (1902, азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району, Байгөнчөк кыштагы – 9. 5. 1949, Фрунзе) – ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Нарын шаардык радиосунда (1931– 34), Кыргыз мамлекеттик филармониясында (1936–49) солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зыйнат») чебер аткарган. Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын духунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыздар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. Баетов комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Баетов «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ой тобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башкалар. элдик жана автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган. мененын аткаруусундагы элдик жана залкар обончулардын ырларын музыка изилдөөчүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүргөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов мененын «Арпанын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ырларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. О. Азия жана Казакстан ырчыларынын конкурсунда Баетов биринчи байгени алган (1944). Муса Баетовдун ысмы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Өмүр баяны Муса Бает уулу 1902-жылы Кыргызстандагы Ак-Талаа өрөөнүндө туулган. 1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кашкарга чейин барып, ал жерде Жумабай деген байдын малын багып, 1917-жылы мекенине кайтып келген. 1931–1934-жж. Нарын шаардык радиосунда, 1936-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1942-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп иштеп, «Сары-Ой», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Жароокер», «Акзыйнат» ырларын аткарган. 1946–1947-жж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, «Айчүрөктөгү» Сыргактын, «Манастан» Алмамбеттин ж.б. ролдорун аткарып, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал «Даанышман», «Ойгоном», «Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Туткун ыры» ж.б. обондорун жараткан. Ал комузда, домбурада, гармошкада жакшы ойноп, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Музоокенин «Муңдуу күү», «Керме тоо», «Сары өзөн», «Коңур жаз» жана элдик «Татты ботой Зулайка», «Муңдуу ботой», «Сердимак», «Эки ногойдун айрылышы» аттуу комуз күүлөрүн черткен. Кыргыздын музыкалык фольклорун жакшы билгендиктен, музыка жыйноочулар А. В. Затаевичке, В. С. Виноградовго элдик обондор жөнүндө маалымат берген. 1944-жылы Орто Азия жана Казакстан ырчыларынын сынагына катышып, баш байгеге ээ болгон. Ал 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө ырдап, “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москва шаарында өткөн декадасында «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген. 2002-жылы туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Арпанын Ала-Тоосунан» (түзгөн Б. Алагушов) аттуу обондуу ырларынын жыйнагы жарык көргөн.
Директор Института сейсмологии НАН КР Канатбек Абдрахматов опубликовал архивную фотографию Башни Бураны. «Меня как сейсмолога интересует такой факт – фото было сделано в 1915 году, после Кеминского землетрясения 1911 года, которое ощущалось в районе башни силой в 8 баллов. Кстати, видные разрушения башни, создающие впечатление как будто ее специально выгрызали — это не последствия землетрясения. Они видны и на более ранних фотографиях, например, на фото 1891 года. Получается, что такая высокая башня (ее высота 21 м), несмотря на довольно ветхое состояние перед возникновением указанного землетрясения, выдержала сотрясение силой в 8 баллов, что свидетельствует о ее конструктивной устойчивости. Многие жители нашей столицы часто спрашивают меня – выдержат ли современные многоэтажки, которые строятся в нашем городе, воздействия от сильных землетрясений, которые… не дай Бог… могут произойти в будущем? И, когда я отвечаю на этот вопрос, я думаю о том, что если 1000 лет назад древние строители могли построить такую башню, которая выдержала 8-балльные сотрясения, даже будучи уже слегка погрызенной снизу, то неужели современные дома из бетона, усиленные арматурой, не смогут? Думаю, что выдержат!» - написал он.
Уркуя Салиева (1911-жылы төрөлгөн, Беш-Буркан (азыркы Тактек) айылы, Ноокат району, Ош облусу - 4 февралда 1934-жылы каза болгон) - алгачкы кыргыз комсомол кызы, 1928 -жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү. Уркуя Салиева Борбордук Азиянын мусулман аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн. Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкысы. Ошол мезгилдеги совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, 1928-жылы. октябрда 1-Май айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1932-жылы аймакта алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1934), 1-Май (Меркит- Мүркүт) айыл кеңешинин (1932-33), «Кызыл- Аскер» колхозунун раиси (1934). Каршылаштары тарабынан мыкаачылык менен өлтурүлгөн. Ал жөнүндө Н. Байтемиров «Тарых эстелиги» аттуу тарыхый-документалдуу романы жазып (1966), анын негизинде «Уркуя» аттуу көркөм фильм (1972) тартылган (режиссёру Т. Океев). Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган. Туулуп өскөн айлында эстелик тургузулган.
Айт уулу Түлкү баатыр болжол менен 1705-1710-жылдары туулган. Жаштайынан кыргыз-калмак согуштарына активдүү катышып, көрсөткөн эрдиктеринен улам элдик баатыр аталган. Мындан тышкары, жаш чагында чоң атасы Итэмген баатырдын жолун жолдоп, жолборс чаап, кыргыздын жолборс чапкан саналуу баатырларынын катарын толуктаган. Бийликти атасынан мурастап калып, узак жылдар бою Жумгалда саяк уруусунун башкы бийи болгон. Айтылуу Санчы сынчыга кыргыздан кыз сынатып, мыкты уулдарды төрөп бере турган 13-14 жаштардагы кызды алган. Сынчы Түлкү баатырга баатыр уулдарды төрөп бере турган кызды көптөгөн аймактардан издеп жүрүп, акыры Тогуз-Тородон тапкан. Ал Түлкү баатырга кызды мындайча сынап берген: “Баатыр, Кудай берет деген ушул. Издегеним табылды. Бул кызды: “ ургаачынын өөк сырттаны, бөрү жатын, алтын согончок”- деп айтабыз. Байкасаң жатканында эки колу тизелеринен билегине чейин ашып калат. Бул тирикарак кызды аялдыкка алсаң, андан: эч нерседен коркпогон , элеңдеп жортпогон, көзү чаар, өңү заар көк жал туулат. Ач арстан, баш койкоӊ туулат. Кийинки туулган экөөнүн тукуму, мурунку экөөнүн тукумуна букара болот. Жергеси көбөйүп бир өзөнгө ээ болот”. Сынчынын бул айткандары жаздым кеткен эмес. Ал кыз Түлкү баатырга: Качыке, Кедей Ажыбек, Шайыбек деген төрт уул төрөп берген. Качыке атактуу баатыр болуп, калмактарды кыргыз жеринен сүргөн акыркы баатырлардын бири катары тарыхта калды. Кедей да өз заманында элге алынган инсан болгон. Анын бий болгондугу да айтылат. Качыкенин 13 уулу болуп, алардын ичинен өзүн тартып баатыр болуп чыкканы Эраалы. Ал эми кадимки Жаркымбай уулу Байзак баатыр Качыке баатырдын бир тууганы Кедейдин чөбөрөсү болот. Түлкүнүн экинчи аялынан: Карагул, Көккөз. Ошону менен Түлкүнүн 6 баласынан тарагандар бүгүнкү күндө абдан көп. 1758-жылы түндүк кыргыздарынын башкы бийи –Үчөкө уулу Маматкул сарбагыштардан Черикчи Темир уулун, саяктардан Түлкү баатырды, Шербек Жакшыбай уулун, солтодон Нышаа Кудайменде уулун, кытай уруусунан Каработо бийдин тууганы, Майтыктын уулу Шүкүрдү ж.б. Пекинге, Цин империясына, ошол кездеги император Цянь-Лунга элчиликке жөнөткөн. Кыргыз элчилери императорго жолугушуп, Кытайдын согуштук өнөрү менен таанышып, кызматташуу, чек араны тактоо тууралуу кеп кылышкан. Кыргыз-кытайдын алгачкы саясий дипломатиялык мамилесин түптөөгө катышкандыгы үчүн Кытай бийлиги Түлкү бийге ж.б. дагы 3-даражадагы чиндик белги ыйгарган. Түлкү баатырдын өлгөн жылы так эмес. Даӊазалуу баатырдын болжол менен 1760-жылдардын баш жагында, дагы бир маалыматта 1770-жылдардын тегерегинде дүйнө салгандыгы айтылат. Анын сөөгү Жумгалдын Байзак айлына жакын жерге коюлуп, күмбөзү (сырттан усталар келип салышкандыгы айтылат) ал мезгилден бери эки жарым кылымдын тегерегинде мезгил өтсө да, бүгүнкү күндө да белгилүү болуп сакталып келатат.