Керимбай Атакан уулу (1870, Кашкат (азыркы Карасуу айылы) - 1933, Кызылжар айылы) - өрөөнгө таанымал болуш. 1888-ж. Кетментөбө өрөөнүнө болуштукка дайындалат. 1900-ж. өрөөндө катуу жут болгон учурда элди ачарчылыктан сактап калуу үчүн башка жактардан арпа-буудай алып келип, элге таратып бердирген. Совет бийлиги орногон учурда алар менен компромисттик саясат жүргүзүп, Олуяатадан 40 жоокер алып келүүгө көмөктөшүп, алар менен кошо басмачыларга карщы_ күрөшкөн. 1926-ж. башкаруучу төбөл катары соттолгон учурда камакка алынбастан жөн гана башка жерге көчүрүлүп жиберилген.